• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Депутат Төрөбаев: Азыркы тапта кийим тиге турган цехтерде 300 миң жумуш орду түзүлгөн

Коом 0

Бишкек. 03.04.19 /Кабар/. Азыркы тапта кийим тиге турган цехтерде 300 миң жумуш орду түзүлгөн. Бул тууралуу депутат Бакыт Төрөбаев "Парламент" радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын пикиринде, жумуш орундарын түзүү экономиканын негизги тиреги. Ошондуктан, өкмөттүн бул багытты жакшыртуу боюнча саясаты, аны ишке ашыра турган программасы болушу керек.

"Өнөр жай багытындагы жумуш орундарын түзүүчүлөргө пайызы аз, үстөк пайызы жок насыя берип, салыктан 4 – 5 жылга бошотуп, ишти илгерилетүүчү шарттар түзүлсө, экономиканын өсүшүнө гана жол ачылат", - дейт депутат.

"Өндүрүш ачууга бел байлаган ишкерлердин "жеңилин жерден, оорун колдон алып", аларга инфраструктуралык жактан колдоо көрсөтүп, электр энергиясын тартып барып, суусун чыгарып, жолун салып берүүгө жардам берүү - мамлекеттин милдети", - деп Төрөбаев.

Депутат ошондой эле ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында кол өнөрчүлөрдүн көркөм буюмдарын көп сатып аларын, ал гана эмес гардероб жаңыртууда ишке кийчүү көйнөктөрүн жергиликтүү тикмечилерге буюртма берип даярдатарын билдирди. Азыркы тапта бир гана жеңил өнөр жайындагы кийим тиге турган цехтерде 300 миң жумуш орду түзүлгөн. Бул авангарддык тармак, - деди эл өкүлү.

Турмуш – тиричиликтеги колдонула турган үй буюмдарынан колго жасалган килем менен шырдакка да басым жасаарын кошумчалаган депутат, – жергиликтүү ишкерлерди колдоонун жөнөкөй элементи ар бир жарандын ата мекендик өндүрүшчүлөргө жардамдашуусунан көз каранды, – дейт.

Пикир

Оставить комментарий