• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Египет менен Ирандын президенттери кыргыз элин жана Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттукташты

Президент 0

Бишкек, 31.07.20. /Кабар/. Египет Араб Республикасынын Президенти Абдель Фаттах Аль Сиси Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Бүткүл дүйнө жүзүндөгү мусулмандар жадырап кирип келген Курман айт майрамын күтүп жатканда, мен дагы Сизге жана Сиздин достук мамиледеги элиңизге чын ниеттен каалоо-тилектеримди канааттануу менен жолдойм. Аллахтан жалпы мусулман жамаатына көп жетишкендиктерге жетишин жана өсүп-өнүгүүнү тилейм.

Урматтуу Президент мырза, Кудуреттүү Аллах бакты-таалай жана бакубатчылык, биздин эки элдин жана мусулман дүйнөсүндөгү бардык элдердин ортосундагы бир туугандык байланыштарды жана бекем кызматташууну тартууласын», — деп айтылат Египет Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Ошондой эле Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Рухани Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады.

«Сизди Кудайга берилгендиктин жана Кудайдын чексиз боорукерлигинин белгиси болгон жаркын Курман айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм.

Кудайдан Сизге ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Кыргыз Республикасынын достук мамиледеги боордош элине бакыт-таалай жана бакубатчылык тилейм», — деп айтылат Иран Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий