• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эл аралык байкоочулар миссиясынын өкүлдөрү Бишкектеги Өчпөс отко гүл коюшту

Коом 0

Бишкек, 09.01.21. /Кабар/. Бүгүн, 9-январда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) эл аралык байкоочулар миссиясынын өкүлдөрү Бишкек шаарындагы Жеңиш паркында жайгашкан Өчпөс отко гүл коюшту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, КМШ ПАА жана ЖККУ ПАнын эл аралык байкоочулар миссиясы 10-январда өтүүчү президенттик шайлоого жана референдумга мониторинг кылуу үчүн Бишкек шаарына келишкен.

Пикир

Оставить комментарий