• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Марипов Сауд Аравиянын «Ajlan and Brothers» холдингдер тобунун вице-президенти менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. 20-февралда Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Аравиянын «Ajlan and Brothers» холдингдер тобунун вице-президенти Хишам Мохаммед Аль-Шариф менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Сауд Аравия Падышалыгынын ортосундагы өз ара пайдалуу бизнес жана инвестициялык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн жана келечегин талкуулашты.

«Ajlan and Brothers» тобунун вице-президенти узак мөөнөттүү инвестициялоо үчүн Кыргыз Республикасындагы энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагын жана энергетика өнөр жайын изилдөөгө кызыкдар экенин билдирди.

Элчи Марипов Кыргыз Республикасынын президенти жана министрлер кабинетинин жетекчилиги тарабынан жагымдуу бизнес чөйрөсүн түзүү, ошондой эле ата мекендик жана чет элдик инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо үчүн өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча жигердүү иш жүргүзүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында элчи Марипов 2022-жылдын 24-27-февралында Эр-Рияд шаарында кыргыз-сауд бизнес-форуму жана жарманке көргөзмөсү өткөрүлүшүн эске алып, «Ajlan and Brothers» компаниясын жана анын тобун бул иш-чараларга активдүү катышууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий