• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Осмоналиев Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда элчи кыргыз тарап Азербайжан менен жогорку деңгээлдеги саясий диалогдун натыйжасында жетишилген достук мамилелерге жана парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

Ошондой эле Баку шаарында Чыңгыз Айтматовдун элесин түбөлүккө калтырууга, жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы түз аба каттамдарын калыбына келтирүүгө Милли Межлистен көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

Өз кезегинде, Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы С.Гафарова элчиликтин бардык демилгелерин колдорун билдирди жана боордош өлкөлөрдүн парламенттер аралык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун, эл аралык уюмдарда, анын ичинде Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясында (ТүркПА), өз ара аракеттенүүнүн жана колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий