• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өкмөт эмгек менен гана турмуш оңолоорун далилдөөдө

Коом 0

Учурдагы Өкмөт экономикалык өсүштү камсыз кылып, экспортту 30% чейин арттырганын маалымат каражаттары маалымдоодо. Министрлер кабинети айыл чарба, өндүрүш менен гана алектенбей, социалдык чөйрө да көз кырынан чыкпады. Төмөндө айныгыс фактыларды келтирилип, натыйжалары сунуш кылынууда.

Өкмөттүн аракети менен 2016-жылдын 1-октябрынан тарта кепилденген минималдуу кирешенин, пенсиялардын жана аз камсыздалган үй-бүлөлөргө берилүүчү жөлөк пулдардын көлөмдөрү көбөйтүлдү. Авариялык абалдагы мектептер калыбына келтирилип, жаңылары улам четинен курулууда. Бала бакчалардын саны көбөйүп, балдардын мектепке чейинки билим берүү жайларына тартуу иштери колго алынды. 2016-жылдан тартып азыркы мезгилге чейин 1335 мамлекеттик ипотекалык насыя берилди. Алардын ичинен билим берүү секторуна 573 насыя, саламаттыкты сактоо секторуна 273 насыя берилди. Өкмөттүн буйругу менен пайыздык төлөм 12-14%дан 10-12%га чейин азайтылды. Мында Сооронбай Жээнбековдун кошокн үлүшү алкышка татыктуу. Берилген насыялардын жалпы санынан 10% алган адамдардын бөлүгү 27% түзөт.

2026-жылга чейинки калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоочу жана суу кетирүүчү тутумдарын өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынды. 657 айылда жана 22 шаарда, ошондой эле 26 райондук борбордо суу түтүктөр тутумдарын куруу жана реабилитациялоо пландаштырылууда. Калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн 2016-жылы 100 млн. сом бөлүндү. Ал эми 2017-жылы бул сумма 2 эсе өсүп, 200 млн. сом болуп көбөйдү. “Кепилдик фонду” ААКсы түзүлдү. 2017-жылдын 1-июлуна карата 95,7 млн. сомго 86 кепилдик берилди. Буга байланыштуу НСП субьектилери 340 млн. сомго жакын насыя алышты.

Дүйнөлүк деңгээлдеги курчуп бараткан көйгөйлөрдү, айрыкча, диний экстремизмдин күчөшүн утурлай коопсуздук, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар да Өкмөттүн артыкчылыктуу камкордугуна алынды. 2016-жылы кабыл алынган чечимге ылайык экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы экономикага тиешелүү кылмыштар менен күрөшүү маселелерин алып барган бирден-бир укук коргоо органы болуп калды. Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү мамлекеттик кызматынын ушул эле чечими менен облустук башкармалыктар жоюлду. Жыйынтыгында аныкталган кылмыштардын саны жана мамлекетке келтирилген материалдык зыяндын кайра мамлекетке кайтарылган суммасы жогорулады. 2016-жылы экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү мамлекеттик кызматы 1 млрд. 857,7 млн. сомду, 2017-жылдын 6 айында 907 млн. сомду мамлекетке кайтарган.

Акыркы 4 жыл ичинде коррупциянын индекси боюнча республика өзүнүн көрсөткүчтөрүн 41 пунктка жакшыртты. Өкмөт башчынын ички саясаттагы өтөлгөлүү эмгектери тышкы саясатта да барган сайын күчүнө кирүүдө. Өзбекстан менен буга чейинки “тоңгон муз” жанданганы, саясый диалогдун алкагында чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Коопсуздук темасын утурлай, Өзбекстан менен да, Тажикстан менен да чек араларды тактоо соңку 1 жыл ичинде жакшы нукта уланып, ар убак ызы-чуу жараткан талаштуу чек ара түйүндөрү боюнча алдын-ала маалыматтарга караганда жакында президенттер тарабынан кол коюлары күтүлүүдө.

Жогоруда биз болгону кыргыз Өкмөтүнүн аткарып жаткан көптөгөн иштеринин алакандай бөлүгү тууралуу гана үстүртөн сүртүм бердик. Албетте, далилдүү фактылардын, такталган сандардын негизинде. Аныгында, айыл чарбасы менен экономикалык өсүш, коргонуу, коопсуздук темаларынан тышкары да социалдык саясат, билим берүү, саламаттыкты сактоо жаатында чеке жылытчу аткарылып жаткан иштер арбын. Аларды айта берсе, сөз көп. Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун жеке көзөмөлдөөсү астында аткарылган иштерди четинен чубасак дагы кеңири сөз кылууга арзыйт.

Жеңиш Асанов,

Атайын “Кабар” үчүн

Пикир

Оставить комментарий