• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЖЭБдеги авария. Бишкектин кайсыл райондорунда жылуулук жок – тизме

Коом 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. Бишкек Жылуулук электр борборундагы жарылууга байланыштуу Бишкектин №7, 8, 6, 11, 12 жана "Асанбай" кичирайондорунда жылуулук берүү убактылуу токтотулду.

"Электр станциясы" ААКтын филиалы - "Бишкекжылуулуктармагы" ишканасынан билдиришкендей, саат 15:05ке карата ЖЭБден чыккан түтүктө температура 33 градустан 48 градуска чейин ысык болууда. Ал эми басым Р= 6,6 Атиден 8 Атиге чейин көтөрүлдү.

Компаниянын маалыматына ылайык, Бишкек шаары боюнча жалпысынан 1124 абонентке ысык суу, 363 абонентке жылуулук берүү токтотулган.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан.

Аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлгөн. Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, кырсыкка байланыштуу буга чейин КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана энергетика министри Таалайбек Ибраев чет өлкөдөгү иш сапарларын үзгүлтүккө учуратып, Бишкекке кайтып келишкен.

Президент Садыр Жапаров ЖЭБдеги абалды жеке көзөмөлүнө алып, кийин ЖЭБди калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып, тез арада үйлөрдү жана социалдык объектилерди жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүүнү тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий