• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Соцфонд: Январда пенсияга 7,1 млрд сом каржыланды

Экономика 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. Алдын ала маалымат боюнча, 2024-жылдын январь айында пенсиянын каржыланышы 7 млрд 198 млн 436 миң 661 сомду түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын Социалдык фонду билдирет.

Облус жана шаарларга жогорудагы сумма төмөнкүдөй бөлүнгөн:

  • Бишкек шаары — 1 млрд 176 млн 56 миң 608 сом;
  • Чүй облусу — 1 млрд 82 млн 387 миң 158 сом;
  • Нарын облусу — 564 млн 242 миң 541 сом;
  • Ысык-Көл облусу — 644 млн 808 миң 150 сом;
  • Талас облусу — 296 млн 850 миң 944 сом ;
  • Ош шаары — 258 млн 958 миң 545 сом;
  • Ош облусу — 1 млрд 320 млн 410 миң 920 сом;
  • Баткен облусу — 619 млн 512 миң 705 сом;
  • Жалал-Абад облусу — 1 млрд 235 млн 209 миң 90 сом.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын январында пенсияга 5 млрд 890 млн 491 миң 253 сом каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий