• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Алтай цивилизациясы” форуму ар бир элдин биримдигин сактап калат - МГУнун доценти

Коом 0

Бишкек, 20-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Учурда дүйнө глобалдык өзгөрүүлөрдү башынан өткөрүп жатат, мындан улам азыр ар бир элдин биримдигин, маданиятын, тилин сактап калуу актуалдуу болууда дейт “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде «Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер» форумунун катышуучусу тарых илимдеринин доктору Жибек Сыдыкова.

Ал интернеттин пайда болушу менен көпчүлүк адамдар англис тилин үйрөнүп жатышканын айтып, Бишкекте өтүп жаткан иш чараны заманбап форум деп атады. “Буга ылайык, глобалдашуу заманына тарыхый жактан биригүү жолу менен каршы тура алабыз деп ойлойм”, -дейт ал. Ошондой эле, Сыдыкова СССР убагындагы муун акырындан кетип, жок болуп баратат. Бирок алардын ордуна ким келет деген суроо жаралат деди.

“Бул форум өзүнө көңүл бурдуруп, буга чейин чыккан чыгармаларды кайра басып чыгарууга мүмкүнчүлүк берет. Бүгүн форумдун расмий ачылышында бир катар эпостор аталды. Түрк, алтай жана словян эпосторун жайылтуу маанилүү. Бул кадам туруктуу өнүгүүгө жардам берет”,-деп кошумчалады Сыдыкова. Жибек Сыдыкова мындан тышкары форумда Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жана “Манас” эпосун үйрөнүү талкууланышы тууралуу белгиледи.

“Мен бул жакка учуп келатканда Кыргызстан жөнүндө Ысык-Көл, Айтматов жана “Манас” эпосун уктум. Бул бүт дүйнө жүзү билген мамлекеттин бренди болуп эсептелет. Ошондой болсо дагы көпчүлүгү Айтматовдун чыгармаларын жакшы билишпейт. Мындан улам бул суроо дагы форумда талкууланат болуш керек деп ойлойм”,-деди ал.

Эскерте кетсек, Бишкекте «Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер» форуму башталды. Иш чара 21-22-июлда Ысык-Көлдө уланат.

Пикир

Оставить комментарий