• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эмгек министрлигине 1,4 миң тоннага жакын азык-түлүк тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 01.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 1-августта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине 1 миң 397 тонна азык-түлүк өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, байытылган ун жана өсүмдүк майы түрүндөгү азык-түлүк БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында коомдук инфраструктураны калыбына келтирүү, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартуу жана мектептерде ысык тамак берүүгө жардам берүүчү долбоорлор аркылуу өлкө боюнча аярлуу үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү үчүн Россия Федерациясы тарабынан берилди.

Азык-түлүктү тапшыруу иш-чарасына эмгек министри Кудайберген Базарбаев катышып, Эмгек министрлиги менен БУУ ДАПтын "Эмгек үчүн азык-түлүк " долбоорунун алкагында бир жарым жыл ичинде 985 долбоор ишке ашырылып, ага катышкандыгы үчүн 32 миңден ашуун үй-бүлөгө (170 миң адам) 6 миң тонна азык-түлүк берилди.

"Бул долбоорлор ирригациялык тармактарды жана ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын калыбына келтирүү, бак-дарактарды отургузуу жана дарыялардын жээктерин бекемдөө, айылдардагы көпүрөлөрдү жана дренаждык тутумдарды куруу, потенциалды бекемдөө жана айыл чарбасын жүргүзүүнүн алдыңкы ыкмаларын киргизүү боюнча тренингдерге багытталган.

Мындан тышкары, 79 тонна ун жана өсүмдүк майы улгайган жарандар, чоңдор жана майып балдар жашаган интернаттарга жөнөтүлдү. Бүгүнкү күндө алынган азык-түлүк долбоорлорго катышуу үчүн 5 миң 200 аз камсыз болгон үй-бүлөгө берилет. Бул 26 миң адам.

Үй-бүлөлөргө 300 кг байытылган буудай уну жана 30 литр өсүмдүк майы, ал эми тренингдин катышуучуларына 150 кг байытылган буудай уну жана 15 литр өсүмдүк майы берилет", - деди Базарбаев.

Белгиленгендей, Россия Федерациясы БУУ ДАПтын Кыргыз Республикасындагы эң ири донору болуп саналат. Акыркы 10 жылдан бери Россия Өкмөтү БУУ ДАП аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандарына чукул жардамдан жана калыбына келтирүүдөн баштап, Өнүгүү жана социалдык коргоого чейин ар кандай деңгээлде колдоо көрсөтүп келет.

Пикир

Оставить комментарий