• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Энергетика кызматкерлери "Алтын балалык" реаблитациялык борборуна жардам көрсөтүштү

Коом 0


Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Кыргызстандын энергетика тармагынын кызматкерлери министр Доскул Бекмурзаевдин демилгесин колдоп, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Алтын Балалык” медициналык-реабилитациялык комплексине жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул ирет алар “Алтын Балалык” борборунун реконструкциялоо иштерин өз убагында жана сапаттуу жасалышын колдоо максатында 20 тонна цемент курулуш каражатын жардам катары жөнөтүштү.

Учурда аталган мекемеде курулуш иштери кызуу жүрүп, үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна чейин бүтүрүлүүсү пландалууда.

Эскерте кетсек, өткөн жылы балдар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга бул борборду ишке киргизүү үчүн каражат чогултуу максатында кайрымдуулук марафонуна энергетиктер да катышып, жалпы суммасы 200 миң сом салым кошушкан.

Пикир

Оставить комментарий