• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЕРӨБ Тажикстандын темир жол тармагын модернизациялоого каражат бөлөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.12.17 /Кабар/. Тажикстандын темир жол тармагын модернизациялоо үчүн Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы $26 млн. бөлөт. Бул тууралуу уюмдун басма сөз катчысы Антон Усов билдирди.

Анын айтымында, бул боюнча акыркы чечим банк жетекчилиги тарабынан кийинки жылы февралда кабыл алынат.

Маалыматка караганда, каражат «Тажик темир жолу» ишканасы үчүн жаңы вагондорду, дизель локомотивдерин ошондой эле оңдоо иштерине зарыл болгон жабдууларды, тетиктерди сатып алууга жумшалат.

Тажикстан өкмөтү өлкөнүн темир жол тармагын толугу менен модернизациялоо программасын кабыл алган. Бул иштер үчүн $109 млн каражат керектелет. «Темир жол тармагын модернизациялоо программасынын алкагында Тажикстан 2 миң жаңы вагон, жаңы муундагы 40 дизель локомотивин сатып алат. Программаны ишке ашырууга тажик бийлиги дагы акча бөлөт. Мен билгенден өкмөт «Тажик темир жолдору» ишканасына 900 жүк ташуу вагонун жана 8 дизелдик локомотивди сатып алган», - деди Антон Усов.

2013-жылы апрелде Орусия өкмөтүнүн вице-премьери Дмитрий Рогозин менен Роспотребнадзордун ошол кездеги башчысы Геннадий Онищенко Душанбе-Москва каттамындагы поезддерди текшеришкен. Анда Орусиянын башкы санитардык дарыгери вагондор талаптарга жооп бербей турганын белгилеген. «Идиш-аяктар толугу менен алмаштырууга муктаж. Негизи эле вагондордун көбү курамдан алынышы керек», - деген Рогозин.

Бул текшерүүдөн кийин «Тажик темир жолу» ишканасы жүздөгөн жаңы вагондорду сатып алган. Компаниянын маалыматына караганда, акыркы тогуз айдын ичинде анын кызматтары менен 100 миңден ашык киши пайдаланган. Бул өткөн үч жылдагыга караганда үч эсеге көп.

Пикир

Оставить комментарий