• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эртең Бишкектин айрым райондорунда суу берүү убактылуу токтотулат

Коом 0

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. Эртең, 21-апрелде Бишкектин айрым райондорунда суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Батыш-2” суу алгычында жана шаардагы суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштерине байланыштуу 21-апрелде саат 9:00дөн 15:00гө чейин борбор калаанын төмөнкү райондорунда суу берүү токтотулат.

- Ала-Арча дарыясы - темир жол линиясы - Жибек Жолу проспектиси – Жаш Гвардия бульвары;
- Жаш Гвардия бульвары - темир жол линиясы – Фрунзе көчөсү - Манас проспектиси;
- Дэн Сяопин проспектиси - Ала-Арча дарыясы – Бөкөнбаев көчөсү - Кулиев көчөсү - Москва – көчөсү – Фучик көчөсү - Казаков көчөсү.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, мекемелерди ичүүчү суу камдап алууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий