• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Эрудит” интеллектуалдык сынагынын облустук турунун жеңүүчүлөрү аныкталды

Билим 0

Бишкек, 26.11.20. /Кабар/. Билим берүү министрлиги жана «Балажан» Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору 2020-жылдын 15-сентябрынан 5-декабрына чейин КР президентинин “2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы” жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу алкагында көркөм сүрөт өнөрүнүн билермандарынын «Эрудит» республикалык интеллектуалдык онлайн-сынагын өткөрүүдө.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, сынак мектеп окуучуларынын көркөм сүрөт өнөргө болгон билимин тереңдетүү, жана кызыгуусун арттыруу, балдардын интеллектуалдык жана маалымат арттыруучулук мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү, креативдик, чыгармачылык компетенттүүлүгүн калыптандыруу, жана зээндүү жана таланттуу балдарды аныктоо максатында өтүүдө.

Жобонун шарты боюнча Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Жалал-Абад, Талас облустарында жана Ош шаарында облустук турлар онлайн форматта болуп өттү. Облустук турлардын жыйынтыгы боюнча республикалык турда өз регионун коргой турган жеңүүчү командалар аныкталды, алар: «Суулайман Тоо» (Ош облусу), «Т. Садыковдун урпактары» (Баткен облусу), «Акварелька» (Ысык-Көл облусу), «Теңир-Тоо» (Нарын облусу), «Дебют» (Чүй облусу), «Чудотворцы» (Жалал-Абад облусу), “Радуга” (Талас облусу) жана «Гармония» (Ош шаары).

Пикир

Оставить комментарий