• 84.8
  • 95.63
  • 1.13

АКШдагы тажик чайханасы тарыхый объект деп табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.11.20. /Кабар/. АКШдагы Боулдер шаардык кеңеши «Боулдер-Душанбе» чайханасын тарыхый объект деп таап, анын ички жана тышкы бөлүктөрүн кайтарууга алууну чечти. Душанбе чайхананы америкалык шаарга 30 жыл мурда белек кылган.

Онлайн-добуш берүүдө мындай чечимди шаардык кеңештеги депутаттардын бардыгы бир добуштан колдоду. Бул маселе боюнча акыркы чечим 3-декабрда кабыл алынат деп күтүлүүдө.

Боулдердин мэри Сэм Уивер добуш берүүдөн кийин: «Тажик чайханасы Боулдердин кенчи. Шаарыбызда чыгыш колоритиндеги мындай кооз имарат бар экенине сыймыктанабыз», — деди.

АКШдагы алгачкы тажик чайханасынын имараты боюнча шаардык кеңештин биринчи жыйыны быйыл октябрда, «Боулдер-Душанбе чайканасынын достору» коомдук уюмунун демилгеси менен өткөн. Уюм калаа бийлигин объектини реставрация кылуу үчүн тажикстандык усталарды чакырууга үндөгөн.

Чайхананын расмий сайтында имаратты куруу чечими 1987-жылы —Боулдер Душанбеге бир тууган шаар болгондон кийин кабыл алынганы жазылган. 40ка жакын уста үч жыл бою чайхананын декоративдик элементтерин жасап, оюларды түшүрүшкөн. Бул иштерди аткарууда эч кандай электр жабдуулары колдонулган эмес, бардыгы көптөгөн кылым мурдагыдай колго жасалган. «Боулдер-Душанбе» чайханасында жыл сайын Нооруз майрамы белгиленип турат.

2018-жылы АКШнын Омаха шаарында да тажик чайханасы ачылган.

Пикир

Оставить комментарий