• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эсептөө палатасынын «ишеним телефонунун» иштөө тартиби жаңыланды

Коом 0

Бишкек, 2-август /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы коррупцияга каршы ишти күчөтүү максатында «ишеним телефонунун» иштөө тартибин жаңылады жана стационардык телефонду 0 (555) 500-985 уюлдук номерге алмыштырды. «Кыргызтелеком» ААК абоненттери үчүн чалуу акысыз.

ЭПдан билдиришкендей, «Ишеним телефонунун» иштөө тартибинин жана анын номурунун өзгөрүүсү жарандык коом жана аудиттин объектилери менен эффективдүү коммуникация түзүүгө багытталат.

Жаңы тартипке ылайык, «ишеним телефонуна» түшкөн чалууларга Эсептөө палатасынын төрагасына түздөн түз баш ийген кызматкер жооп берет. Буга чейин «ишеним телефону» автоматташтырылган түрдө жооп берүү тартибинде иштеп келген.

«Ишеним телефону» аркылуу жарандар жана аудит объектилеринин өкүлдөрү Эсептөө палатасынын кызматкерлери менен кызматташууда пайда болгон коррупциялык фактылар тууралуу маалымдай алышат. Анонимдикке кепилдик берилет.
«Ишеним телефондун» иштөө тартиби: дүйшөмбү-жума күндөрү, саат 9.00-дон 18.00-го чейин. Дем алыш күндөрү: ишемби, жекшемби.

Пикир

Оставить комментарий