• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда Евразия патенттик уюмунун колдоосу менен аймактык семинар өткөрүлөт

Коом 0

Бишкек, 12.04.22./Кабар/. Кечээ, 11-апрелде Москва шаарында Евразия патенттик уюмунун (ЕАПУ) административдик кеңешинин 40-отуруму (кезексиз он экинчи) өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, отурумга Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева, ошондой эле Армения, Азербайжан, Беларусь, Тажикстан, Түркмөнстан Республикаларынын, Россия Федерациясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышты.

Күн тартибинде патенттик алымдар, Евразия патенттик конвенциясына (ЕАПК) финансылык инструкцияларды актуалдаштыруу маселелери каралып, 2020, 2021-жылдарга карата отчеттор, 2022-жылга карата бюджеттин долбоору, ЕАПКга тиешелүү процедуралык маселелер угулду жана жактырылды.

Мындан сырткары, В.И. Блинников атындагы ойлоп табуучулук ишмердиктин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн талапкерлерди көрсөтүү маселеси да ортого салынды.

"КРнын регионалдык семинарларды өткөрүү жана ЕАПУнун административдик кеңешинин ишмердигин уюштуруу боюнча финансылык-экономикалык демилгеси колдоого алынды", - деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында ЕАПКга мүчө мамлекеттеринин жана Россия мамлекеттик интеллектуалдык менчик академиясынын өз ара аракеттенүүсүнө, анын ичинде, кызыкдар тараптардын квалификациясын жогорулатуу жана окутуу маселелери боюнча КРнын натыйжаларына оң баа берилди.

Пикир

Оставить комментарий