• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Фоторепортаж – Жээнбеков менен Си Цзиньпиндин жолугушуусу

Президент 0

Бишкек, 13.06.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-июнда Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келген Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.

Мамлекеттер башчылары кеңири курамдагы эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү, анын жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Кытай ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө кошкон көрүнүктүү салымы үчүн КЭР Төрагасы Си Цзиньпинге I даражадагы «Манас» орденин тапшырды.

Жолугушуунун соңунда Сооронбай Жээнбеков жана Си Цзиньпин жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн расмий билдирүү жасашты.

Пикир

Оставить комментарий