• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда «Кыргызстан – Кытай» бизнес-форуму өттү

Экономика 0

Бишкек, 1306.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов «Кыргызстан – Кытай» бизнес-форумунун ишине катышты.

Кубатбек Боронов меймандар менен саламдашуу учурунда белгилегендей, бул иш-чара Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапарына жана Шанхай кызматташтык уюмунда төрагалык кылууга арналган.

«Төрага Си Цзиньпин «Жибек жолу экономикалык алкагын» биргелешип түзүү концепциясын көтөрүп чыккан соң, кыргыз-кытай мамилелери жаңы деңгээлге чыкты, Өкмөттүк деңгээлде, ошондой эле эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн ортосунда өз ара активдүү аракеттешүү байкалууда. Буга байланыштуу кыргыз-кытай бизнес-форумун өткөрүү биздин өлкөлөрдүн ортосунда соода жана инвестиция тармактарында кызматташууну кеңейтүү үчүн маанилүү роль ойнойт. Кытайдан келген түз чет өлкөлүн инвестициялардын көлөмү 2018-жылы 338092,6 миң АКШ долларын түзгөн. КЭР инвесторлору үчүн акыркы жылдары пайдалуу кендерди казуу (54,3), иштетүүчү өндүрүш (23%), профессионалдык, илимий жана техникалык ишмердүүлүк (23%) кыйла жагымдуу тармактар катары саналып келет», - деди биринчи вице-премьер-министр жана бул көрсөткүчтөр эки жактуу кызматташуунун жалпы потенциалын чагылдырбай турганын белгиледи.

Анын айтымында, бул үчүн бардык зарыл шарттар бар, Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөттөрүнүн ортосунда тиешелүү келишимдерге кол коюлган жана иштеп жатат.

«Кыргызстанда өздүк наркка оң таасирин тийгизген шарттар түзүлгөн, алар либералдык салык режими, электр энергиясынын тарифи, квалификациялуу жумуш күчүнүн болушу жана башка жагымдуу шарттар. Бул факторлор чет өлкөлүк инвесторлорго биздин өлкөдө активдүү ишмердүүлүк жүргүзүүгө, жаңы технологияларды тартууга жана салынган каражаттардан экономикалык пайда алууга шарт түзөт. Бизнес-секторду өбөлгөлөө жана колдоо үчүн сатуу салыгын баскычтуу жоюу аркылуу салыктык жүктү азайтуу, тагыраагы Кыргызстанда Борбор Азия аймагында либералдуу салык режимин түзүүнү шарттаган фискалдык реформалар жүргүзүлдү. Пайдага салыктын үстөгү 10%, киреше салыгы 10% жана КНС 12% түзөт», - деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, Дүйнөлүк банктын «Doing Business 2019» кезектеги изилдөөсүндө отчеттук мезгил 2017-2018-жылдарга карата Кыргызстан өзүнүн бардык көрсөткүчтөрүн 7 позицияга жакшыртып, 77-орундан 70-орунга жылган. Бул жыйынтык төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлгөн реформалар аркылуу жетишилди: «Келишимдердин аткарылышын камсыз кылуу», «Миноритардык инвесторлорду коргоо», «Төлөө жөндөмсүздүгүнө уруксат берүү», «Эл аралык соода».

Ал ошондой эле басым жасагандай, Кыргыз Республикасы чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу, инновациялык технологияларды жана инвесторлордун тармактык тажрыйбаларын колдонуу сыяктуу өнүктүрүү факторлоруна чоң маани берет.

«Бул максаттарда биз инвестициялык жана соода саясатын жакшыртуунун үстүндө активдүү иштеп жатабыз, сатуу рыногун кеңейтүү жана анын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу иштери жүрүүдө. Учурда Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги тарабынан КЭР инвесторлору Кыргызстанда ишке ашырып жаткан бир катар долбоорлор коштолууда. Жакын арада дагы 4 ишкананын ачылышы пландалууда: Жалал-Абад облусундагы цемент заводунун, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча индустриалдык парктын, жип жана кол кап чыгаруучу фабриканын, ошондой эле Чүй облусундагы майдалоочу заттарды чыгаруучу заводдун ачылышы. Бул долбоордун жалпы инвестициялык суммасы 152 млн АКШ долларын түзөт», - деп билдирди Кубатбек Боронов.

Жыйынтыгында биринчи вице-премьер-министр Форумдун катышуучуларын 2019-жылдын август айынын башталышында боло турган жыл сайын өтүүчү «Ысык-Көл» эл аралык экономикалык форумуна катышууга чакырды

Пикир

Оставить комментарий