• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Парламентте экс-президент Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча комиссия түзүлдү – тизме

Жогорку Кеңеш 0


Бишкек, 13.06.19. /Кабар/. Парламентте экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу жана жоопкерчиликке тартуу боюнча комиссия түзүлдү.

Жыйын жүрүшүндө комиссиянын курамы бекитилди.

Комиссия курамы:

- "Ата Мекен" фракциясынан Каныбек Иманалиев,

- "КСДП" фракциясынан Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев,

- "Кыргызстандан" Канат Исаев, Алмазбек Токторов,

- "Республика - Ата Журт" фракциясынан Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов,

- "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Алтынбек Жунус уулу,

- "Бир Бол" фракциясынан Бактыбек Турусбеков кирди.

Комиссиянын иштөө мөөнөтү 7 күн деп белгиленди.

Эскерте кетсек, депутат Канат Исаев экс-президент Алмазбек Атамбаевден кол тийбестикти алуу үчүн 40тан ашык депутаттын колун топтогон.

Кечээ, парламенттин отурумунда айрым депутаттар президенттик маалында бийликти узурпациялоо жана башка жасагандары үчүн экс-президент Атамбаевди жоопкерчиликке тартууну айтып чыгышкан.

Пикир

Оставить комментарий