• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Фоторепортаж — Жээнбековдун Монголия президенти Халтмаагийн Баттулга менен жолугушуусу

Президент 0

Бишкек, 12.06.19. /Кабар/. Бүгүн, 12-июнда Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулганын Кыргыз Республикасына расмий визит менен келди.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулганын кеңири курамдагы жолугушуусу болду, анын жыйынтыгы боюнча эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлду.

Мамлекеттер башчылары өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана эки тараптуу мамилелердин дараметин арттырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Жолугушуу соңунда Сооронбай Жээнбеков жана Халтмаагийн Баттулга жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн расмий билдирүү жасашты.

Пикир

Оставить комментарий