• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Фрунзе үй-музейинде Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылышына арналган фотодокументалдык көргөзмө ачылат

Маданият 0

Бишкек, 13-февраль /Кабар/. М.В.Фрунзенин үй-музейинде эртең, 14-февралда саат 11.00дө 1989-жылы советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылышына арналган фотодокументалдык көргөзмө ачылат.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 15-февралда Советтер Союзу аскерлерин Ооганстандан чыгарганына 28 жыл толот. 7 миңден ашык кыргызстандыктар Ооганстанда согушка катышкан. 249 адам каза таап, төртөө дайынсыз жок болгон.

“Көргөзмөдөгү материалдарда ооган согушу – анын себептери, Советтик аскерлердин чыгарылышы, ардагер ооганчылар - А.Чотбаев, С.Асакеев, С.Азизов, К.Токтомбаев, А.Капсаламов жана башкалар тууралуу айтылат. Ар биринин өзүнүн тарыхы, эскерүүлөрү бар, бардыгын тең туруктуулук, кайраттуулук, Ата Мекенине берилгендик, аскер антын бекем сактагандык бириктирип турат”, -деп белгиледи ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий