• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Германия Өзбекстанга коронавируска каршы натыйжалуу дары берди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. 2-сентябрь күнү кечинде Өзбекстанга гуманитардык жардам катары Германиядан “Казиривимаб/Имдевимаб” препаратынын 10 миң дозасы жеткирилди. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Ташкент аэропортуна түшүрүлгөн жүктүн жалпы баасы 20,6 миллион еврого бааланууда.

"Изилдөөлөргө ылайык, бул препарат ооруканага жаткан бейтаптардын жана коронавирустан өлгөндөрдүн санын 70% азайткан. Мындан тышкары оорунун белгилеринин узактыгын 14 күндөн 10 күнгө чейин кыскарткан", - деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Швейцариянын Roche фармацевтикалык компаниясы иштеп чыккан препарат COVID-19га каршы жасалма "антитела" болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө ал вирустун жаңы штаммдарына туруштук бере турган жалгыз дары катары колдонулууда.

Пикир

Оставить комментарий