• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда бир нече аткаминер обочолонуу режимине өттү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Казакстан саламаттык сактоо министри Елжан Биртановдон коронавирус аныкталгандан кийин бир нече аткаминер обочолонуу режимине өттү.

Жамбыл облусунун акими Бердибек Сапарбаев карантинге чыкты. Аймак акимчилигинин маалымат кызматы Сапарбаев аралыктан иштеп жатканын, коронавируска тапшырган тестинен вирус аныкталбаганын билдирди.

12-июнда казак премьер-министри Жамбыл облусуна иш сапар менен барган. Аны саламаттык сактоо министри коштоп жүргөн. Эки күндөн кийин Биртанов коронавирус жуктуруп алганын, инфекциялык ооруканага жатканын кабарлаган. Кийинчерээк Казакстан премьер-министри обочолонуу режимине өткөнү, тест учурунда вирус аныкталбаганы айтылган.

15-июнда билим берүү министри Асхат Аймагамбетов да карантинге чыкканы белгилүү болду. Ал дагы өкмөттүк делегация менен Жамбыл облусуна барган.

Ал арада өкмөттүн 16-июнга белгиленген жыйыны 19-июнга жылдырылды.

Ай башында Казакстан президентинин маалымат катчысы Берик Курмангали коронавируска кабылган. Өткөн аптада парламент мажилисинин депутаты Бекболат Тлеухан да вирус жуктуруп алган.

Пикир

Оставить комментарий