• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Өзбекстанда физикалык жактарга чет өлкөлүк валюта менен операцияларды жүргүзүүгө уруксат берилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. Өзбекстанда физикалык жактарга чет өлкөлүк валюта менен өз ара карыз алуу-бери иштерин жүргүзүүгө уруксат берилди. Тиешелүү жарлыкка 14-сентябрда президент Шавкат Мирзиёев кол койгон.

Документке ылайык, насыя келишими нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү керек.

2017-жылдан бери Өзбекстанда юридикалык жана физикалык жактарга коммерциялык банктардан каалаган өлчөмдө чет өлкөлүк валюта алууга уруксат берилген.

Ошол кезде кабыл алынган жарлыктын негизинде физикалык жана юридикалык жактар чет өлкөлүк валютаны эркин сатып алууга жана сатууга мүмкүндүк алышкан.

Бирок буга чейин Өзбекстанда физикалык жактарга насыя иштерин чет өлкөлүк валюта менен жүргүзүүгө уруксат берген мыйзам болгон эмес.

Пикир

Оставить комментарий