• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Плагиатка шектелген эки тажик окумуштуусунун илимий даражасы алынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.03.18. /Кабар/. Кандидаттык диссертацияларында плагиат фактысы аныкталган эки тажик окумуштуусунун илимий даражалары алынды.

Тажик окумуштууларынын эмгегиндеги плагиатты «Диссернет» аттуу уюм аныктап чыккан. Бул ыктыярчылар тарабынан уюштурулуп, орусиялык илимий жана билим берүү мекемелеринде жакталган кандидаттык жана доктордук иштерге коомдук экспертизаларды жүргүзүү менен алектенген уюм. Анын жигердүү ишмердүүлүгү 2013-жылы январда башталган.

Диссернет өз эмгектерин 2010-2017-жылдар аралыгында жактап, илимий даражаларды алган беш тажик окумуштуусун башкалардын аттестациялык иштеринен жана басылмалардан текст уурдаган деп айыптаган.

Уюмдун кайрылуусунан кийин Орусиянын Билим берүү министрлиги эки тажик окумуштуусунун — юридика илимдеринин кандидаты Зафар Тайфуров менен экономика илимдеринин доктору, Душанбе шаардык мажлисинин элдик депутаты Назрулло Амировдун ишин кайрадан текшерип чыгып, диссертациялык кеңештин чечими менен алардын илимий даражалары алынды.

Диссернеттин сайтындагы маалыматка караганда, Амиров өз ишине Гончарова аттуу орус окумуштуусунун диссертациясындагы тексттерди кошуп, бирок авторлору менен булакты көрсөткөн эмес. Назрулло Амиров 19-мартта анын доктордук даражасы түшүнбөстүктөрдөн улам алынганын билдирди. Бирок орус тарап анын бул пикирлерин эске алган жок.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий