• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында 1224 инфраструктуралык объектте курулуш иштери жүргүзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында 14 млрд сомго 1224 инфраструктуралык объектте курулуш иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын мурдагы премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын өкмөт мүчөлөрүнүн милдеттерин аткаруучулар менен жолугушууда билдиргендигин, өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдайт.

Мурдагы өкмөт башчы белгилегендей, эки жылда республикалык бюджеттин эсебинен 818 объектте курулуш иштери жүргүзүлдү, анын ичинде 266 социалдык объект ишке берилди. 99 жаңы мектеп, 8 бала бакча, 11 медициналык объект салынып, 54 мектептин имараты капиталдык оңдоодон өттү. Мындан тышкары 2 жылдын ичинде 817 км жол асфальттанган.

Ирригация тармагында 4628 га жаңы сугат жер киргизилди. Бүргөндү, Арка, Баш-Кууганды, Кара-Ой жана башка жерлер суу менен камсыз болду. Жалпысынан 83 айылда 133,5 миң жашоочу ичүүчү таза суу менен камсыздалды. Учурда 282 айылда калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча жалпы суммасы 15 млрд сомдук жумуштар жүрүп жатат.

Мухаммедкалый Абылгазиев баса көрсөткөндөй, өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү салыктык жана бажы процедураларын фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн негизин түптөдү.

«Бүт өлкөнү Интернетке кошуу санариптик трансформациялоонун башкы жетишкендиги болуп саналат. Интернетти дээрлик ар бир айылга жеткирдик. Жарандарыбыз мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды каалаган жеринен, каалаган убакытта, каалаган түзүлүштөн оңой ала тургандай системаны түздүк», - деп белгиледи ал.

Мурдагы өкмөт башчы ошондой эле «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи баскычы ийгиликтүү ишке ашырылганына басым жасады.

«Кыргыз Республикасынын бүт аймагын камтый турган бул долбоордун экинчи баскычы боюнча тендерлер аяктады. Республиканын жолдорунда 2500 видеокамера орнотулат» , - деген мурдагы премьер-министр бул долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгында Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жол кырсыгынан каза болгондордун саны 5 эсеге кыскарып, жапа чеккендердин саны 43% азайгандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий