• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Бишкек мэриясынын Кырдаалдык борборунун иши менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 12.03.24./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жол транспортунун абалы, жүргүнчүлөрдүн агымы жөнүндө маалыматтарды иштеп чыгуу жана «акылдуу» светофор жөнгө салуусу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Кырдаалдык борборунун иши менен таанышты.

Министрлер кабинетинин төрагасына ишке киргизилген жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган тутумунун (АТКС) жана автотранспорт каражаттарынын видеодетекторлор системасынын мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.

Жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системаларын ишке ашыруу боюнча пилоттук долбоорго кошулган жол кесилиштери онлайн форматта берилди.

Мэриянын өкүлдөрү белгилегендей, Кырдаалдык борбору светофорлорду башкаруу жана жөнгө салуу, аталган система буга чейин ишке ашырылган кесилиштердеги кыймылдын агымына мониторинг жүргүзүү жана статистикалык маалыматтарды чогултуу боюнча иштерди жүргүзөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров унаа токтоочу жайлар, ошондой эле коомдук транспорттун талаптагыдай иштешин камсыз кылууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий