• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Германияда Кыргызстан жөнүндө кече өтүп, “Ысык-Көлдүн өрүктөрү” тасмасы көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 11.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин "Кыргыз үйүндө" Кыргызстан жөнүндө кече өттү. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз-Немец маданий коомчулугу тарабынан уюштурулган кечени элчи Өмүрбек Текебаев ачып, мындай иш-чаралар маданияттар ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүү үчүн гана эмес, эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы пикир алмашууга жана достук байланыштарды чыңдоого да салым кошоорун баса белгиледи.

Кеченин жүрүшүндө коноктор Саймалуу-Таш боюнча доктор Йоханнес Рекелдин даярдаган лекциясын угушту, ошондой эле петроглифтер жана башка аска таштар боюнча талкууларга активдүү катышты.

Андан соң Кыргыз-Немис маданий коомчулугунун активдүү мүчөсү Франк Неннеман тарткан “Ысык-Көлдүн өрүктөрү” даректүү тасмасы көрсөтүлдү.


Маалымат үчүн: “Кыргыз-Немис маданий коому” 2009-жылдын 6-мартында Берлин шаарында түзүлгөн. Коомдун негиздөөчүлөрү Берлин аймагында жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, Кыргызстанга кызыккан немис жарандары, ошондой эле Германиядагы университеттерде билим алып жаткан студенттердин өкүлдөрү болушкан.

Коомдун негизги максаты - өлкөлөр ортосундагы маданий байланыштарды тереңдетүү жана бул жаатта Кыргызстандын жана анын маданиятынын Германияда таанылышын жогорулатууга жардам бере турган конкреттүү иш-чараларды жана долбоорлорду ишке ашыруу, экинчи жагынан кыргызстандыктарды Германиянын маданияты менен тааныштыруу.

Пикир

Оставить комментарий