• 88.68
  • 95
  • 0.95

Москвада “Чыңгыз Айтматов. Инсан. Доор" аталышындагы адабий-музыкалык кече өттү

Маданият 0

Бишкек, 11.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Москва шаарында “Чыңгыз Айтматов. Инсан. Доор" аталышындагы адабий-музыкалык кече өткөрдү.

Элчиликтен билдиришкендей, иш-чара залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесин белгилөөнүн алкагында уюштурулган.

Адабий-музыкалык кеченин өзгөчөлүгү катары М.И.Рудомино атындагы чет элдик адабияттардын Бүткүл россиялык мамлекеттик китепканасы тарабынан даярдалган Ч.Айтматовдун “Ак кеме” повестинен үзүндүнү дүйнөнүн жети тилинде көркөм окуу болду.

Ал эми Чыңгыз Айтматовдун мааракесине арналган концерттик программаны кыргыз диаспорасынын таланттуу өкүлдөрү уюштуруп, "Манас" эпосунан үзүндү, комузда кыргыздын улуттук күүсү ойнолуп, "Шайыр" фольклордук ансамблинин аткаруусунда ырлар аткарылды, ошондой эле “Аян” театры тарабынан «Ак кеме» повестинен театрлаштырылган үзүндү коюлду.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында коноктор үчүн жазуучунун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган сүрөткөргөзмө ачылып, “Кыргыз-Кербен” коомдук уюмунун көмөгү менен кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүк буюмдары жана мекендештердин колунан жаралган улуттук кондитердик азыктар коюлду.

Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган адабий-музыкалык кече Россиянын “Маданият” каналында түз эфирде көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий