• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте опера ырчысы Артык Мырзабаевдин 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

Маданият 0

Бишкек, 21.12.20. /Кабар/. СССРдин эл артисти, залкар опера ырчысы Артык Мырзабаевдин 90 жылдыгына арналган эскерүү кече-концерти өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага КР президенттин аппаратынын бөлүм башчысы Кудайберген Базарбаев, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев жана Артык Мырзабаевдин сахналаштары, замандаштары, шакирттери, туугандары катышты.

Концертке опера жана балет театрынын азыркы учурдагы көрүнүктүү солисттери катышып, көрөрмандар Артык Мырзабаевдин репертуарындагы опера арияларын жана вокалдык чыгармаларды, дүйнөлүк вокалдык классикалык чыгармаларына күбө болушту.

Артык Мырзабаев 1930-жылы Кызыл-Аскер айылында жарык дүйнөгө келген.

1949-жылы Артык Мырзабаев Фрунзедеги музыкалык хореографиялык окуу жайына тапшырып, экинчи курсту аяктагандан кийин Кыргыз Мамлекеттик филармониясынын хорунун артисти болуп кабыл алынат. 1954-жылы окуу жайын бүтүргөндөн кийин Артык Мырзабаевди А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына иштөөгө чакырышып, ал “Айчүрөк” операсындагы Семетей партиясы аркылуу тааныла баштаган.

Өмүр арнаган театрда Артык Мырзабаев баритон үчүн жазылган орус жана чет элдик классикалык опералардын асыресе бардык партияларын аткарган. Бул “Фаусттагы” Валентиндин, “Травиатадагы” Жермондун, “Лакмедеги” Фредериктин, “Дон Карлостогу” Родриго ди Позанын, “Иолантадагы” Роберттин, “Евгений Онегиндеги” Евгений Онегиндин, “Кармендеги” Эскамильонун жана башка партиялар эле. Артык Мырзабаев кыргыз классикалык операсында бир катар жаркын образдарды жараткан талант катары да эсте алды.

Өзгөчө уккулуктуу баритондун ээси гана болбостон, Артык Мырзабаев эң таланттуу дарамалык актер катары да тааныла алды. Ар бир партияда ал көрөрмандарды өзгөчө үн керемети менен гана эмес, эң сонун, жеткиликтүү аткарылган драмалык ролдор аркылуу да тарта алды. Залкар ырчы катышкан опералык спектаклдер замандаштары үчүн эстен чыккыс элес калтырган.

Артык Мырзабаев 2005-жылы дүйнөдөн кайткан.

Пикир

Оставить комментарий