• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент “КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду

Президент 0

Бишкек, 20.04.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Граждандык кодексине, “Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” КР мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 7-мартында кабыл алынган.

Бул мыйзамдын максаты өлкөдө лизинг сунуштоо шарттарын алга илгерилетүү, жеке адамдарга автоунааларды жана мото-транспортторду жеке пайдалануусу үчүн сатып алуу, ошондой эле лизинг рыногу инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн өбөлгөлөрдү түзүү – сунуштоочулар катарын көбөйтүү, дилердик түйүндөр чөйрөсүн кеңейтүү, тейлөө компанияларын ачуу, камсыздандыруу шарттарын өркүндөтүү аркылуу лизингге керектүү унаа каражаттарын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштоо менен финансылык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн кеңейтүү болуп саналат.

Мыйзамда зайымдарды берүү боюнча кесиптик иши КР салык мыйзамдарына ылайык коммерциялык юридикалык жактын статусундагы экономикалык иштин салыктык каттоосунан милдеттүү тартипте өткөрүлүүгө тийиш экендиги каралган.

Мындан тышкары, лизинг иши Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык лицензияланууга тийиш экендиги белгиленген. КР министрлер кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген орган лицензиар болуп саналат (КР Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү юридикалык жактардан тышкары).

Пикир

Оставить комментарий