• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Япония курулуш жана инфраструктураны өнүктүрүү жаатында кызматташат

Коом 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура долбоорлоо институтунун өкүлдөрү Япониянын Жер, инфраструктура жана туризм департаментинин улук директору Исикава Тору баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамкурулуш агенттиги менен Япониянын ортосундагы курулуш, башкаруу, техникалык жөнгө салуу жана санариптештирүү жаатында кызматташуунун келечеги талкууланды.

Делегациянын иш сапарынын негизги максаты шаар куруу жана инфраструктураны өнүктүрүүгө байланышкан ар кандай багытта өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана тажрыйба алмашуу болуп саналат.

Жолугушууда кызматташуунун негизги аспектилери, анын ичинде курулуш процесстерине алдыңкы технологияларды киргизүү, техникалык жөнгө салуу жана стандартташтыруу жаатындагы өз ара аракеттенүү, ошондой эле шаар куруу жана долбоорлоо тармагындагы санариптештирүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Улук директор Исикава Тору курулуш тармагындагы тажрыйбага терең кызыгуусун билдирип, аны Япония менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын келечегинин контекстинде жогору баалады. Ал ошондой эле жолугушууда талкууланган идеялар жана сунуштар келечекте өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга негиз болорун кошумчалады.

КР Мамкурулуш агенттигинин жамааты Япониядан келген делегацияга кызматташууга болгон кызыгуусу үчүн терең ыраазычылык айтып, келечекте жемиштүү кызматташуу уланарына ишеним билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий