• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Үй-бүлө жана анын көйгөйлөрү тууралуу вебинар өтөт

Коом 0

Бишкек, 28.05.20. /Кабар/. Үй-бүлө жана анын көйгөйлөрү тууралуу вебинар өтөт. Бул үчүн "Онлайн университетинин" Балдар жана ата-эне лабораториясы 29-майда саат 15.00дө "Чачыранды үй-бүлө жана анын проблемалары" темасында кезектеги вебинарын өткөрөт.

Вебинарда дүйнѳдѳ жана ѳлкѳбүздѳ заманбап үй-бүлө түрлөрү, үй-бүлө куруу жана аны сактап калуу маселеси, бѳлүнүү себептери, ажырашуу, ага байланыштуу проблеманын чыгышы жана бул тенденциянын каякка алып бараткандыгы талкууланат. Учурда үй-бүлѳ тууралуу түпкү түшүнүктөр ѳзгѳрүп, жаштар арасында ажырашуунун кѳбѳйүшү, толук эмес, бѳлүнгѳн, чачыранды же жалгыз бой үй-бүлѳлөрдүн көбөйүшү, үй-бүлө функциясынын алсызданышы, структурасы өзгөрүүгө учурашы туурасында сөз болот.

Вебинардын спикери Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин педагогика кафедрасынын ага окутуучусу, илимдин доктору Кадиян Бообекова.

Эске салсак, Онлайн университетинин Балдар жана ата-эне лабораториясы муундар арасындагы байланыштар, үй-бүлө, ата-эне, балдар маселелери, анын ичинде балдарды китепке, искусствого кызыктыруу жана технология заманында балдардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тарбия берүү маселелери боюнча кеңеш берүү максатында түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий