• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Япония менен Сенегал командасынын беттеши тең чыкты

Спорт 0

Бишкек, 24.06.18. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футбол чемпионатынын 2-турунда Сенегал менен Япониянын курама командалары беттешти. Оюн 2:2 эсебинде жыйынтыкталды.

Оюндун 11-мүнөтүндө Япониянын дарбазачысы тоскон топту сенегалдык Мане тээп эсепти ачты. 34-мүнөтүндө Нагатомонун чыгарып берген тобун Инуи гол киргизгенге жетишти.

2-таймдын 71-мүнөтүндө Вагенин голу Сенегалдын командасын алдыга чыгарды. 78-мүнөтүндө Инуи каршылашынын дарбазасынын жанында турган Хондага топту чыгарды. Хонда 6 метр аралыктан тээп эсепти теңеди.

Пикир

Оставить комментарий