• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМ башчысынын орун басары Данияр Абдыкаров жумушка чыккан жок

Коом 0

Бишкек, 13.06.18. /Кабар/. Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров жумушка чыккан жок, эмгек өргүүсүн улантып жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ИИМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Абдыкаров күн мурун ведомство жетекчилигине кабарлашып, Түркиядан Кыргызстанга келгендиги тууралуу билдирген. Министрдин орун басары ал жактан үй-бүлөсү менен эс алып кайткан.

Бирок, мыйзам боюнча көрсөтүлгөн эмгек өргүү убактысы аягына чыга элек, ага байланыштуу Абдыкаров жумушуна чыккан жок.

Министрликтен кызматтык иликтөө аягына чыкканда ага карата тиешелүү чара көрүлөт деп кошумчалашты.

Эске сала кетсек, мурда Жогорку Кеңештин айрым эл өкүлдөрү ИИМ башчысынын орун басары Абдыкаровду Бурулайдын (турмуш куруу максатында ала качкан кыз) өлүмүнө байланыштуу кызматтан алуу керектигин айтып чыгышкан.

Кийинчерээк Абдыкаров өлкөдөн чыгып, Түркияда жүргөндүгү маалым болгон.

Пикир

Оставить комментарий