• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

ИИМ: Баткен облусунда кырдаал туруктуу

Коом 0

Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. 1-майга карата Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Бул тууралуу КР Ичкииштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда чек арага чектеш аймактар толук көзөмөлдө. Түнкүсүн ок атышуулар катталган жок. Милиция кызматкерлери тарабынан блокпосттор коюлуп, чек арага чектеш аймактардагы жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Көк-Таш, Самаркандек, Арка-1, Арка-2 жана Борбордук айылдарында кырдаал турукташты. Жергиликтүү элдик коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлери ички аскерлер жана башка күч түзүмдөр менен биргеликте коомдук коопсуздукту көзөмөлдөшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий