• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ак-Сууда милиция кызматкерлери аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына окуу куралдарын тапшырды

Коом 0

Бишкек, 15.09.21./Кабар/. Ак-Суу районунда милиция кызматкерлери аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына окуу куралдарын тапшырды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыл сайын милиция кызматкерлери жаӊы окуу жылынын алдында облустун аймагында «Камкордук» аталышындагы акциясын өткөрүп келишет. Анын негизги максаты аз камсыз жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына, ошондой эле жетим калган балдарга, жаӊы окуу жылына даярданууга көмөк көрсөтүү болуп эсептелинет. Ушундай акция жай мезгилинин акыркы дем алыш күндөрү Ысык-Көл облусунун ар бир районунда болуп өттү.

Ак-Суу РИИБдин башчысы Талгар Мамбетказиевдин айтымында, жаш өспүрүмдөр арасындагы жол кырсыктарынын, укук бузуулардын алдын алууга багытталган, андан тышкары кайрымдуулуктун ар кандай түрлөрү боюнча акциялар өткөрүлүп келет. "Бул жолу үч аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына канцтоварлар жана окуу курал түрүндөгү жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле окуучулардын мектепке окууга барбай калышынын алдын алып жатабыз", - деп белгиледи Талгар Мабетказиев.

Белгилеп кетсек, милиция кызматкерлерин белектери менен кабыл алышкан ар бир үй-бүлө аларды жылуу кабыл алышып, өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдирип кетишти. Ошондой эле, өздөрүнүн балдарынын окуудагы жана спорттогу жетишкендиктерин сыймыктануу менен айтышып, милиция кызматкерлерине мелдештерде жана конкурстарда балдарынын жетишкен жетишкендиктерин көрсөтүштү.

Пикир

Оставить комментарий