• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: Милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоону улантышууда

Коом 0

Бишкек, 05.01.22. /Кабар/. Милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоону улантышууда. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдире.

Маалыматка ылайык, Жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу эс алуу күндөрүндө КР Ички иштер министрлиги коомдук тартипти жана коомдук тартипти жогорку деңгээлде камсыздоо максатында жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча бардык зарыл болгон чараларды көргөн.

Өзгөчө маанилүү, стратегиялык жана кайтарууга алынган тиричиликти камсыздоочу объектилерди коргоо камсыздалды.

"Негизги майрамдык иш-чараларда тартипти камсыздоодо коопсуздуктун бардык деңгээлин эске алуу- жакын жердеги турак-жай секторунда, массалык иш-чаралар өтүүчү жайларда мыйзамдуулуктун жана тартиптин абалына көзөмөл кылуу болгон. Кайгуул милициясынын посттору майрамдык иш-чаралар өтө турган жайларга жакын жерлерге жайгаштырылды. Милициясынын кезметтеринин, ыкчам-тергөө топторунун күнү-түнү нөөмөттө болуулары уюштурулган. Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого көмөк көрсөтүү үчүн укук коргоо багытындагы коомдук түзүмдөр, ыктыярдуу элдик кошуундар тартылган.

Кыргыз милициясынын жалпы өздүк курамы кызматтык милдеттерин аткарууда мыйзамдуулукту сактоого, жасалган же боло турган кылмыштар тууралуу бардык билдирүүлөргө токтоосуз жооп берүүгө багытталган. Кыйынчылыктарга жана укук бузууларга тез арада чара көрүү, алдын алуу үчүн кошумча ыкчам-тергөө топтору жана ыкчам аракеттенүү топтору жеринде иш алып барышат", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан коомдук тартип толук камсыздалууда. Ыкчам-криминалдык абал туруктуу жана милициянын толук көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий