• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМдин Ардагерлер кеңешинин 60 жылдыгы белгиленди

Коом 0

Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. Кечээ, 18-ноябрда ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаевдин демилгеси менен кыргыз милициясынын жалпы республика боюнча район, облустардын ардагерлери чогулуп, майрамдык маанай тартууланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган майрамдык иш-чарага ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков, ИИМдин Генералдар клубунун төрагасы Садырбек Дубанаев, министрдин орун басарлары Октябрь Урмамбетов, Эркебек Аширходжаев, Бишкек ШИИББдин башчысы Канат Жумагазиев, Чүй ОИИБдин башчысы Сапар Асаналиев жана кыргыз милициянын ардагерлери катышты.

Иш-чаранын башында ички иштер министри Улан Ниязбеков милициянын ардагерлерине түзүмдүк сыйлыктарды тапшырды.

“Ички иштер министрлигинин жетекчилиги кыргыз милициясынын ардагерлеринин өлкөнүн өнүгүшүнө, элдин бакубат жана коопсуз жашоосуна арнаган кызматын жогору баалайт. Биз ардагерлерибиз үчүн татыктуу жашоо шартын түзүп берүү, алардын саламаттыгына кам көрүү – негизги милдеттерибиз деп эсептейбиз. Министрлик ардагерлерибизге кам көрүүнү жакшыртуу боюнча бардык аракеттерди көрүүдө. Сиздердин кыргыз милициясынын калыптанышына, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук коопсуздукту камсыздоодо салымыңыздар зор. Милициянын жаш мууну үчүн сиздер үлгүсүздөр. Сиздерге узун өмүр, бакубат жашоо жана дөөлөттүү карылыкты каалайм”, - деди Ниязбеков.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 24-октябрында ИИМдин Ардагерлер кеңешинин түзүлгөндүгүнө 60 жыл толгон.

Пикир

Оставить комментарий