• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Илияз Иманбетов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 15.04.21. /Кабар/. Иманбетов Илияз Жеңишович Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды.

Салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тиешелүү буйрукка үстүбүздөгү жылдын 14-апрелинде премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Маалыматка ылайык, даңы дайындалган жетекчини күн мурун КР вице-премьер-министри – экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков Салык кызматынын жамаатына тааныштырды.

Кармышаков Салык кызматынын жаңы башчысына ведомствонун алдында турган приоритеттүү милдеттерди, анын ичинде салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо боюнча милдеттерди белгилей кетти, ошондой эле салыктык башкаруу системасында олуттуу реформаларды андан ары жүргүзүү зарыл экенин белгиледи.

Илияз Иманбетов бул кызматка дайындалганга чейин Мамлекеттик салык кызматынын ЕАЭБ алкагында кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгынын начальниги болуп иштеп келген. Салык чөйрөсүндө 20 жылдан ашык иштеп келет, басымдуу бөлүгүндө жетектөөчү кызматтарды аркалаган.

Пикир

Оставить комментарий