• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Иманалиев Кыргызстанды даңазалаган окуучулар жана мугалимдер менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 13.06.23. /Кабар/. Бүгүн, 13-майда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Кыргызстандын желегин эл аралык олимпиадаларда желбиретип жүргөн окуучулар жана алардын мугалимдери менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда министр Иманалиев окуучуларды эл аралык аренадагы жеңиштери менен куттуктап, балдардын ийгиликке жетишүүсүндө мугалимдердин эмгеги чоң экендигин белгиледи.

Буга кошумча министр жаш муундарга татыктуу билим жана тарбия берүүгө кошкон салымы үчүн “Интеллект Про Скул” билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү жана директору Жакшылык Матанов, ушул эле билим берүү мекемесинин эл аралык олимпиадаларга даярдоо бөлүмүнүн координатору Алия Турар кызы, “Газпром Кыргызстан” мектебинин мугалими Мамат Ишматов жана Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин химия мугалими Альмир Самаркуловго ыраазычылык каттарын тапшырды.

2023-жылдын 29-майынан 4-июнга чейин Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн өспүрүмдөр арасындагы математика боюнча Эл аралык Аль-Хорезми олимпиадасында Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин окуучусу Фёдор Корнияш – алтын медаль, “Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучусу Тимур Акенеев – күмүш медаль, Бишкек шаарындагы №70 окуу-тарбиялык комплекс мектеп гимназиясынын окуучусу Султан Мусаходжаев – коло медаль алган.

Министр балдарга китептерди белекке берди.

Белгилей кетсек 2023-жылдын 2-июнунда "Интеллект Про Скул" билим берүү мекемесинин 2-классынын окуучусу Айдарбек Кубанычбеков "Россия-1" телеканалынын "Удивительные люди" көрсөтүүсүндө менталдык арифметика боюнча татаал мисалдарды акылында эсептеп, көрүүчүлөрдү таң калтырган.

Ушул эле көрсөтүүгө "Интеллект Про Скул" билим берүү мекемесинин 7-классынын окуучусу Байэл Рахымбеков дагы катышкан. Анын катышуусундагы эфир "Россия-1" телеканалында кийинки жумада чыгат.

Пикир

Оставить комментарий