• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Иранга барган кыргызстандык тележурналисттерди Fars News агенттигинин директору кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 17.07.23. /Кабар/. Иран Ислам Республикасына таанышуу иш сапары менен барган Кыргызстандын тележурналисттери Ирандын алдыңкы Fars News агенттигинин Тегеран шаарындагы башкы кеңсесинде болушту.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, аларды агенттиктин башкы директору Паям Тирандоз кабыл алып, маалымат агенттиктин ишмердүүлүгү туурасында айтып берди.

Кыргызстандык журналисттер агенттиктин башкы директору Паям Тирандозго кыргыздын ак калпагын кийзип, белектерин тапшырышып, сапарды уюштурган иран тарапка ыраазычылыктарын билдиришти.

Андан соң журналисттер агенттиктин ар бир бөлүмүндө болуп, ирандык кесиптештери кандай иштеп жаткандыгын өз көздөрү менен көрүштү.

Белгилей кетсек, кыргызстандык тележурналисттер үчүн таанышуу турун Fars News агенттигинин Бишкектеги өкүлчүлүгү ("Eurasia Today" агенттиги) уюштурган.

Делегациянын курамында 21 адам, анын ичинде маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Маданият министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев, УТРК, ЭлТР, Ош ТВ, НТС, Нур ТВ, Жалал-Абад ТВ, Баткен ТВ, Азия ТВ, "Кабар" маалымат агенттиги, "Умма" ислам-журналынын жетекчилери жана журналисттери бар.

Сапардын максаты - Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы достук жана маданий байланыштарды чыңдоо, таанышуу, өз ара маалымат жана тажрыйба алмашуу.

11-19-июль күндөрү боло турган сапарда кыргыз журналисттери дагы бир катар мамлекеттик жана эл аралык телекомпанияларында болушат.

Ушул күндөрү журналисттер Тегеран шаарынын туристтик жайларында болушуп, Ислам республикасынын маданияты, тарыхы, азыркы заманбап жашоосу жана жетишкендиктери менен таанышып жатышат.

Алар Тегерандан тышкары, маданий борбор болуп саналган Исфахан шаарында да болушат.

Пикир

Оставить комментарий