• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары качан өтөрү белгилүү болду

Маданият 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырымды кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу жана бул жааттагы аксакалдардын ролу тууралуу сөз болду.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 29-сентябрынан 2-октябрына чейин Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөрүн айткан Бинали Йылдырым төрага Талант Мамытовду аталган маданий-спорттук иш-чарага конок катары күбө болуп кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий