• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Күйүүчү май менен газ куюучу жай жана мунай базаларды пландан тышкары текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө – Мамэкотехинспекция

Коом 0

Бишкек, 15.05.19. /Кабар/. Азыркы убакта күйүүчү май менен газ куюучу жай жана мунай базаларды пландан тышкары текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы билдирди.

Инспекциядан билдиришкендей, мындай иш-чара жыл сайын жүргүзүлүп турат. 2018-жылы да Кыргызстан боюнча жалпы май сактоочу жана май куюучу жайлары текшерүүдөн өткөрүлгөн. Айрым талаптарга жооп бербеген ишканаларга Мамэкотехинспекция тарабынан эскертүүлөр берилип, мыйзам бузуулар жөнгө салынган. Мисалы, "ЖНПЗ КУА ЖЧКсы" Мамэкотехинспекциянын Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча башкармалыктын инспекторлору тарабынан 2018-жылдын 14–июнунда пландуу текшерүүгө алынган. Анда эреже бузуулар боюнча акт түзүлүп, 10 пункттан турган эреже бузууларды четтетүү боюнча эскертүү берилген.

"Эскертменин негизинде, 2018-жылдын 25-июнунда берилген талаптардын аткарылышына карата контролдук текшерүү жүргүзүлүп, берилген эскертүүлөрдүн ичинен 4 пункт аткарылбагандыгы аныкталган. Баса белгилей кетсек, бир локализация жана ликвидация кесепеттерин жоюу боюнча иш-чара планы иштетилип чыккан эмес. Ошондой эле кызматкерлер өндүрүш коопсуздук, эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча окуулар өткөрүлгөн эмес. Инженер-техникалык кызматкерлерге кызматтык инструктаж китепчеси иштетилип, жетекчилик тарабынан аткарылбагандыгы жана тейлөө жумушчулар үчүн өндүрүш инструктажы өткөрүлгөнбөгөндүгү аныкталган. Буга байланыштуу КРнын "Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү" Кодексинин 79-беренеси менен мунай базанын жооптуу өкүлү Малик Ташиевге карата 7миң 500 сом административдик айып салынып, толук өндүрүлгөн", - деп билдирет Мамэкотехинспекция.

Учурда, "ЖНПЗ КУА ЖЧКсы" күйүүчү майды сактоочу жайдагы өртүн себебин аныктоо Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы иликтөө лабораториясы тарабынан жүргүзүлүүдө.

"Эске сала кетсек, экологиялык жана техникалык коопсуздуктарды сактоо багытында Мамэкотехинспекция тарабынан пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүдөн сырткары контролдук текшерүүлөрдү жүргүзөт. Коюлган талаптар аткарылбай, мыйзам бузуулар аныкталса күйүүчү майды сактоочу жайлардын ишмердүүлүгү токтотулат", - деп билдирет Мамэкотехинспекция.

Пикир

Оставить комментарий