• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кантта белгисиз адамдар жүргүнчүлөрдү ташыган поезддин VIP, "Люкс" вагондорунун айнегин талкалап кетти

Коом 0

Бишкек. 02.08.23. /Кабар/. Кантта белгисиз адамдар "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жүргүнчүлөрдү ташыган поездинин бир нече айнектерин талкалап кетишкен.

Окуя күн мурун, 1-августта болжол менен саат 21:18де Дмитриевка – Кант станциясында орун алган.

"Кыргыз темир жолунун" маалыматына таянсак, VIP, "Люкс" вагондордун, жөнөкөй вагондун 9-купесинин терезелери сынып, башка вагондун жумушчу тарабындагы тамбурдун терезеси талкаланган.

Маалыматта катталган окуя жүргүнчүлөргө жана туристтерге ыңгайсыздык гана жаратпастан, алардын коопсуздугуна да коркунуч келтирилгендиги айтылат.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында окуя болгон жердеги сынган терезелер убактылуу скотч менен жабылып, поезд өз жолун уланткан. Бирок, мындай окуялар олуттуу кесепеттерге алып келип, жүргүнчүлөр, туристтер жана коштоочулар үчүн кооптуу жагдайларды жаратышы мүмкүн.

"Поезд жолунун боюнда жашаган жергиликтүү тургундардан тартипти жана жоопкерчиликти бекем сактоосун өтүнөбүз. Сураныч, поезддин жүргүнчүлөрү үчүн кооптуу жагдайларды жаратпоону жана поезд байланышынын бардык коопсуздугун чогуу сактоого чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий