• 88.68
  • 95
  • 0.95

Оштогу борбордук стадиондун отургучтарын жаңылоо иштери башталды

Аймак 0

Бишкек. 02.08.23. /Кабар/. Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадионду капиталдык реконструкциялоонун алкагында стадионго 11 миң 500 даана олтургучту орнотуу иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Стадион 1961-жылы курулуп, 62 жыл ичинде жарым-жартылай гана оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, бир дагы жолу толук оңдолгон эмес. Объектти капиталдык реконструкциялоо биринчи жолу жүргүзүлүп жатат жана ал 2023-жылдын май айында башталган.

Бүгүнкү күндө Ош шаарынын стадионунда эл аралык футбол оюндары жана шаардыктар үчүн ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп турат. Оңдоп-түзөө иштеринин алкагында ыңгайлуу шарттарды жакшыртуу үчүн стадиондо 11 миң орундук жаңыланып, Азия футбол конфедерациясынын талаптарына ылайык, футболчулар үчүн кийим алмаштыруучу жайлар жана душ бөлмөлөрү капиталдык оңдоодон өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, өткөн жумада президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы борбордук стадионду капиталдык реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышып, кошумча каражат бөлүп, жакын арада стадионду толук реконструкциялап, бүтүрүүнү тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий