• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Коргоо министрлигине жүк ташуучу унаа берилди

Коом 0

Бишкек, 02.09.23. /Кабар/. Коргоо министрлигине жүк ташуучу унаа тапшырылды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Министрликке унааны КР "Альянс" алмашуу бюролорунун ассоциациясы берип, тапшыруу аземи Башкы штабынын 29713 аскер бөлүгүнүн аймагында күн мурун, 1-сентябрда болот.

Аталган иш-чарага Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов, Коргоо министринин биринчи орун басары полковник Алмазбек Карасартов, Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери жана "Альянс" ассоциациясынын төрагасы Думан Рыскулов катышты.

Техниканы тапшыруу учурунда коргоо министри аталган унаа менен таанышып, ассоциациянын өздүк курамына Коргоо министрлигине материалдык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Аталган техника республика боюнча ооруктун мүлкүн ташуу үчүн колдонулат.

Пикир

Оставить комментарий