• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кара-Суу районундагы оорукананын курулуш иштери 76%га аткарылды

Аймак 0

Бишкек, 25.09.20. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Чайчи айылындагы 15 койкалуу оорукананын курулуш иштери 76%га аткарылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, объекттин курулушу 2017-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган, объекттин наркы 25584,50 миң сомду түзөт.

Учурда оорукананын чатыры жабылып, ички электромонтаждоо, ички жана тышкы жасалгалоо жумуштары, терезелерди орнотуу, желдетүү жана жылытуу системасын, өрт өчүрүү сигнализациясын орнотуу жана 1-кабаттын полдорун бетондоо жумуштары аткарылды. Откананын дубалы бүткөрүлүп, чатыры жабылып, резервуар жана септик курулуп бүттү. Андан сырткары айланасын тосуу үчүн темир тосмолор даярдалган.

Курулуш жумуштарын ноябрь айында бүткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий