• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Сууда жер көчкү коркунучу бар аймактардын жашоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 28.03.24. /Кабар/. Кара-Сууда жер көчкү коркунучу бар аймактардын жашоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

ӨКМден билдиришкендей, ведомствонун кызматкерлери жер көчкү жана сел каптоо коркунучу бар аймакта жашап жаткан жарандарды коопсуз жерге көчүп чыгуу боюнча атайын эскертүү баракчаларын таркатты.

ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти тарабынан сел каптоо жана жер көчкү коркунучу боюнча кооптуу деп табылып, төмөнкү айылдарга корутунду берилген:

  • Каратай айылындагы 2 турак жайга, 2017-жылы;
  • Алга-Бас айылындагы 1 турак жайга, 2017-жылы;
  • Учкун айылындагы 10 турак жайга, 2021-жылы;
  • Кызыл-Туу айылындагы 11 турак жайга, 2016-жылы;
  • Кожо-Келең айылындагы 2 турак жайга, 2017-жылы жана 2021-жылы;
  • Карагур айылындагы 1 турак жайга, 2021-жылы;
  • Кара-Сөгөт айылындагы 11 турак жайга, 2021-жылы.

Пикир

Оставить комментарий